Элчи Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетининин Спорт жана жаштар министри Салах бин Ганем Аль Али менен жолугушуу өткөрдү

2021-жылдын 23-ноябрында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетининин Спорт жана жаштар министри Салах бин Ганем Аль Али менен жолугушуу өткөрдү.
Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекетинин ортосундагы спорт тармагындагы кызматташууну чыңдоо жана кеңейтүү маселеси боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында, талкууланган маселелер боюнча өз ара координациялоо боюнча макулдашылды.