2024-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Марат Нуралиев Катар университетинин президенти Д-р Омар Аль-Ансари менен жолугушуусу болуп өттү.

376

     2024-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Марат Нуралиев Катар университетинин президенти Д-р Омар Аль-Ансари менен жолугушуусу болуп өттү.

   Аталган жолугушууда, билим берүү тармагында  Катар университети менен Кыргызстандын билим берүү мекемелеринин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Тактап айтканда, биргелешкен илимий-изилдөө иштери жана тажрыйба алмашуу, ошондой эле Кыргызстандын жарандары үчүн квота бөлүү маселелери.

     Жолугушуунун жыйынтыгында, талкууланган маселелер боюнча өз ара координациялоо жана ар кандай өз ара иш-чараларды уюштуруу макулдашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK