Дипломатиялык миссиянын башчысы

Дюшекеев Дастан Станбекович
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы
Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
Туулган жылы: 1987-жылдын 12-декабры
Туулган жери: Кыргыз Республикасы, Ыссык-Көл районунун Семеновка айылы
Билими: жогорку билимдүү
2005-2010 жж. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университет
адистиги боюнча: Тарых жана аймак таануу
2011-2015 жж. Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы
адистиги боюнча: эл аралык мамилелер
Эмгек тажрыйбасы:
2010-2011 жж. «MegaCom» уюлдук оператордун Чолпон-Ата шаарындагы филиалынын Директору
2015-2020 жж. Саясий технологияларды практикалык колдонуу чɵйрɵсүндɵгү адис
10.2016-02.2017 А.П. Чехов атындагы Россиянын жалпы билим берүү мекемесинде дүйнɵлүк тарых, Россиянын тарыхы, коомдук тануу, Кыргызстандын тарыхы боюнча окутуучу
02.2017-01.2018 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Депутатынын жардамчысы
01.2018-10.2020 Эл аралык 2ГИС компаниянын Директору, ошол эле учурда эл аралык «Полипласт-Восток» компаниясында Кыргызстан боюнча куратору
10.2020-11.2020 Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин басма сɵз катчысы
11.2020-08.2021 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бɵлүмүнүн башчысы
08.2021 ж.-ушул учурга чейин Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси дипломатиялык рангына ээ.
Yй-бүлɵлүү, бир кызы бар.