2022-жылдын 27-апрелиндеги Элчиликтин пресс-релизи

1066

2022-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев Бельгия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Анри Вантигем менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-бельгия кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарын өнүктүрүү маселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин жаңы стратегиясынын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча ортосундагы мамилелерди талкуулашты.

Өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин
30-жылдыгын белгилөөнүн алкагында пландаштырылган иш-чараларга, анын ичинде 2022-жылдагы жогорку деңгээлдеги сапарларга өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар кыргыз-бельгия мамилелеринин бардык комплексин мындан ары да өнүктүрүүгө өз ара ниетин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK