2022-жылдын 15-сентябрындагы Элчиликтин пресс-релизи

408

Элчилик төмөнкүлөрдү билдирет, Самара-Шымкент унаа жолунда Казакстан Республикасынын Актөбө облусунун Ыргыз районунун Калыбай айылына жакын жерде жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын жараны М.Н. 23.12.1991 ж.т., ВАЗ 2105 автотранспортунда жүргүнчү катары жүргөн, анын айдоочусу рулду башкара албай, кюветке чыгып, оодарылып кетип, алган жаракаттарынан улам жол кырсыгы болгон жерде көз жумган.

Бул факты боюнча Актөбө облусунун ички иштер бөлүмү тарабынан Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 4-бөлүгү (транспорт каражаттарын башкарган адамдардын жол кыймылынын же транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу) боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Элчилик бул маселени көзөмөлүндө кармап, кырсыктан жабыркагандарга керектүү жардамдарды көрсөтүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK