2022-жылдын 19-сентябрындагы Элчиликтин пресс-релизи

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, 2022-жылдын 19-сентябры улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Астана шаарындагы элчилигинин имаратында Кыргызстандын мамлекеттик желеги түшүрүлдү.
Баткен облусундагы Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы трагедиянын курмандыктарын эскерип, көңүл айтуу китебине дипломатиялык корпустун башчылары жана кызматкерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү , ошондой эле РК ТИМдин өкүлү өз жазууларын калтырышты.
Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасына карата пландаштырылган агрессиясы жөнүндө Элчи Д.Дюшекеев ар бир дипмиссиянын башчысына маалымат берүү максатында өзүнчө жолугушууларды өткөрдү.