2022-жылдын 1-октябрындагы Элчиликтин пресс-релизи

2022-жылдын 1-октябрында кыргыз диаспорасынын лидерлеринин жана Астана шаарынын аймагында жашаган мекендештердин катышуусунда волейбол боюнча турнир Элчилик тарабынан уюштурулду.
Жолугушууда Элчи Д.Дюшекеев Кыргыз диаспорасына өлкөнүн жетекчилиги тарабынан чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, анын ичинде КР жарандарынын Казакстандагы укуктарын коргоо маселелери, ошондой эле элчиликке жүктөлгөн бул багыт боюнча милдеттер тууралуу маалымдады.
Ошондой эле элчилик тарабынан КР инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга, Казакстан менен маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө жана соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган иштер тууралуу маалымдады.
Өткөрүлүп жаткан иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун, инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепция боюнча Жарлыгы тууралуу маалымат берилди. Ошол эле учурда кыргыз-тажик жаңжалынын жүрүшүндө жабыр тарткандарга көрсөтүлгөн гуманитардык жана каржылык жардам үчүн ыраазычылык билдирилди.
Ошондой эле, кызыктырган маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, Астана шаарында жашаган мекендештер Кыргызстандын жарандарынын Казакстанда болушун жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарды киргизишти.
Волейбол боюнча мелдештин жыйынтыгы боюнча биринчи төрт орунду ээлеген жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошону менен бирге, Элчи Д.Дюшекеев элчиликтин атынан диаспоранын активдүү мүчөлөрүнө ыраазычылык кат тапшырды.
Өз кезегинде, иш-чарага катышып жаткан Мекендештер мындай иш-чара биринчи жолу уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Д.Дюшекеевге мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалашты.