Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу cүйлөштү

4474

2019-жылдын 30-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев телефон аркылуу cүйлөшүштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков жана Нурсултан Назарбаев кыргыз-казак кызматташтыгынын абалын жана болочогун талкуулашты, эки өлкө ортосундагы союздаштык, стратегиялык өнөктөштүк жана ынак кошуналык мамилелерди мындан ары бекемдөөнүн маанилүү экенин белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK