Референдум (бүткүл элдик добуш берүү)

2802

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-мартындагы №31 Мыйзамы менен 2021-жылдын 11-апрелинде “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындалды.

Жарандарыбыз өзүнүн добуш берүү укугун референдумда ишке ашырышы үчүн

- Кыргыз Республикасынын Эль-Кувейт шаарындагы Элчилигинин имаратында №9046 шайлоо участкасы бекитилди.

Биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдө консулдук каттоодо турган жарандар тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.

Шайлоочулар өздөрүн https://tizme.gov.kg/ расмий сайтынан текшерсе болот.

Эгерде аталган алдын ала тизмеде шайлоочу өзүн таппаса, анда, консулдук каттоого же жашап жаткан эмиратка жараша, Кыргыз Республикасынын Элчилигине кайрылса болот.

Көӊүл буруӊуздар, акыркы каттоо күнү 2021-ж. 27-март.

Шайлоочулардын тизмесине кириш үчүн консулдук жана биометрикалык каттоолордун болушу зарыл. Жок болгон учурда, аталган каттоо кызматтары, Элчилик тараптан бекер негизде көрсөтүлөт.

Кошумча суроолор боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын катчылыгына кайрылыңыздар:

Канымкулов Нурмухаммед,

тел.: +96551192101 (WhatsApp)

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK