Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов өлкөдөгү аккредитациясынын алкагында Кувейттин муңай өндүрүүчү жана соода-логистикалык борбору болгон Ал-Ахмади чөлкөмүнүн губернатору-шейх Фаваз Ал-Халед Ал-Хамад Ал Сабахка сылык сапары менен барды

1796

2021-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов өлкөдөгү аккредитациясынын алкагында Кувейттин муңай өндүрүүчү жана соода-логистикалык борбору болгон Ал-Ахмади чөлкөмүнүн губернатору-шейх Фаваз Ал-Халед Ал-Хамад Ал Сабахка сылык сапары менен барды.

Шейх Фаваз Ал-Халед Ал Сабах А.Карагуловду жооптуу кызматка киришкендиги менен куттуктап, кыргыз-кувейт мамилелерин бекемдөөгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун жана региондорунун ортосундагы байланыштарды түзүү талкууланып, Ал-Ахмади чөлкөмү негизги багыттарда иш алып барган тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну изилдөө ниеттери айтылды.

Элчи А.Карагулов Губернаторду Элчиликтин ишмердүүлүгү жана саясий байланыштарды көбөйтүү, ар кайсы деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу, түз аба каттамды ачуу жана Кувейт менен Булуңдагы өлкөлөрдөн туристтик агымды көбөйтүү, ошондой эле келечектеги эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган пландан тууралуу тааныштырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK