Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Мамлекетинин Билим-берүү министри доктор Али Фахд Аль-Мудаф менен жолугушту

2197

2021-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Мамлекетинин Билим-берүү министри доктор Али Фахд Аль-Мудаф менен жолугушуп, билим-берүү тармагында эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады.

Элчи А.Карагулов тараптардын билим-берүү тармагындагы мамилелелеринин тарыхын талкуулап, анын негизги жыйынтыктары катары 1999-жылы ачылган М.Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин (Кыргыз-Кувейт университети) ишмердүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле мекемелер жана жогорку окуу жайлар аралык байланыштарды өнүктүрүүдөгү алдыдагы тапшырмалар, КР Президентинин Кувейтке боло турган сапарынын алкагында эки тараптуу макулдашууларга кол коюу тууралуу маселелерди белгиледи.

Билим-берүү министри доктор Али Аль-Мудаф кувейттик тараптын кызматташтыкты кеңейтүүгө даярдыгын билдирип, кыргыз студенттеринин Кувейттеги университеттерде жана тил борборлорунда окутуу боюнча ийгиликтүү тажрыйбасын белгиледи. Ошондой эле, эпидемиологиялык абалдын турукташы менен, биргелешкен билим берүү жана студенттер жана окутуучуларды алмашуу программаларын колдоону карап чыгууга даярдыгын билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн пандемия жана андан кийинки мезгилдеги жогорку билим берүү тармагындагы тажрыйбалары тууралуу пикир алмашты. Жыйынтыгында тараптар билим-берүү тармагындагы келечектүү багыттар боюнча биргелешип иш алып баруу ниеттерин билдирди, ал эми Элчи А.Карагулов доктор Али Аль-Мудафты Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK