Орозо айт майрамы

4739

2019-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын  Кувейт Мамлекетиндеги Элчилик жамааты өз күчү менен Орозо айт майрамынын урматына Мекендештерге жана Элчиликтин достук клубуна майрамдык иш-чараны уюштурду. Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчи С.Адамкулова бардык катышуучуларды ыйык Рамазан айынын аякташы менен куттуктап, ийгилик, чың ден-соолук жана токчулук, молчулук каалады! Ар жылы уюштурулуучу ифтар жана Орозо айт майрамын майрамдоо элчиликтин жакшы жөрөлгөсү болуп, диаспорада талкуу жаратуучу бардык тынчсыздандырган суроолоруна тиешелүү концультация алууларын баса белгиледи. Диаспора өкүлдөрү кызыктар болгон бардык суроолоруна жооп алышып, дипломатия миссиясынын Жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK