Кыргыз Республикасынын эки жашы жете элек жараны Ирактан мекенине кайтарылды

617

2024-жылдын 13-17-май аралыгында Иракта калып калган эки баланы мекенге кайтаруу максатында  Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынан түзүлгөн жумушчу топтун Ирак Республикасына иш-сапары уюштурулуп, аталган балдарды репатриациялоо өлкө жетекчилигинин саясий эркинин натыйжасында КРнын Тышкы иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, мамлекеттик органдардын, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан көрсөтүлгөн жардамдын негизинде жүзөгө ашырылды.

Ошондой эле, аталган гуманитардык миссиянын жүрүшүндө кыргыз делегациясы жана КРнын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилигинин өкүлү, Ирак Республикасынын Улуттук Коопсуздук боюнча кеңешчилигинин Өнүктүрүү борборунун башчысы Саид Аль-Жайяши, Багдад шаарындагы Аль-Расафа районунун соту Хусам Абдулкарим, Паспорттор жана Жалпы жарандык Башкармалыгынын мүдүрү Генерал Нашат Аль-Хафажи, Миграция департаментинин Башчысы Генерал Хусейин Ибрахим жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Директорунун орун басары Кин Лекинздер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө ар бир мекеменин компетенциясына кирген эки тараптуу маселелер талкууланды жана Кыргыз Республикасы балдарды коргоо конвенциясын жана башка эл аралык нормаларын бекем карманары жана аларга карата өз милдеттерин так аткаруусу белгиленди. Ошондой эле, жумушчу топтун ишин жеңилдетүүгө көмөк көрсөткөндүктөрү үчүн Ирак Республикасынын компетенттүү органдарынын жетекчилерине ыраазычылык билдирилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK