Кувейт Мамлекетине Кыргызстандан жумушчуларды тартуу тууралуу

482

Жарандарды чет өлкөдө иш менен камсыз кылуу багытындагы максаттарды жүзөгө ашыруунун алкагында у.ж. 29-майында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилигинин Убактылуу ишенимдүү өкүлү Ө. Гапаров Эль-Кувейт шаарындагы “Royale Hayat” ооруканасынын Кардарларды тейлөө бөлүмүнүн директору Марта Абриль Гарсия айым менен жолугушуу өткөрдү. 
Жолугушуунун жүрүшүндө саламаттык сактоо жаатында пикир алмашуу орун алып, азыркы этапта эки өлкөнүн ортосунда укуктук базаны бекемдөөгө басым жасалып, айрыкча саламаттык сактоо, жогорку дипломдорду таануу, жумушчуларды тартуу жөнүндө Макулдашуулардын долбоорлору мамлекеттик ички жол-жоболордон өтүп жаткандыгы баса белгиленди. 
Марта Абриль Гарсия айым Кыргызстандан “Royale Hayat” ооруканасына медайым, мед.мырза жана административдик кызматкарлерди тартууга кызыкдарлыгын билдирип, кат түрүндө сунушун узатты. Ошондой эле, компания жумушчуларды акысыз жатакана, ички транспорттук каттамдар, эки тараптуу авиабилеттер менен камсыздап, виза ж.б. документтерди тариздөө чыгымдарын компания өзүнө аларын тастыктады. Жолугушуу экскурсия менен коштолуп, оорукананын заманбап жабдыктарына жана жаңы технологияларына жогору баа берилди.  
Жыйынтыгында азыркы этапта Кыргызстандан “Royale Hayat” ооруканасына медайым, мед.мырза жана административдик кызматкарлерди тартуу боюнча келишим жетишилди.
Маалымат иретинде: Royale Hayat Hospital 2006-жылы алгач аялдар жана балдар ооруканасы катары түптөлүп, кийин туруктуу жана динамикалуу түрдө өсүп, Кувейттеги алдыңкы мультидисциплинардык саламаттыкты сактоо борборуна айланган. Заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздалып, кардарлар үчүн эң жогорку даражадагы кам көрүүлөр каралган.
 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK