2020-жылдын 4-октябры КР ЖК шайлоо

4665

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосуна карата төмөнкүнү билдиребиз.

-
Шайлоо участкалары.

Кувейт Мамлекетинде жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын активдүү шайлоо укугун ашыруу максатында Эль-Кувейт шаарында - Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имаратында №9046 участкалык шайлоо комиссиясы ачылды.
Консулдук каттоого жараша, Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетинде жашаган жарандары Элчиликтин имаратына келип өз шайлоо укугун ишке ашырууга укуктуу.

-
Шайлоочулар тизмеси

Кыргыз Республикасынын жарандарынын - шайлоочулардын алдын ала тизмеси «Тизме» – https://tizme.gov.kg порталында жайгашкан жана Элчиликтин имаратынан таанышууга дагы болот.

Шайлоочулардын тизмеси, мыйзамдын талаптарына ылайык, консулдук каттоодон жана биометрикалык маалыматтардын тапшыруунун негизинде түзүлгөндүгүнө көңүл бурабыз.

Ар бир жаран-шайлоочу “Тизме” порталына кирип, өзүнүн тизмеде бар экендигин жана ал тууралуу маалыматтын туура экендигин текшерүүгө чакырылат.

Эгерде жеке маалыматта ката табылса, так эместик болсо же шайлоочу өзүн алдын ала тизмеден таба албаса, консулдук каттоого жараша, дароо ү.ж. 19-сентябрына чейин Форма №1 арызы менен тиешелүү түрдө №9044 участкалык шайлоо комиссиясына кайрылуусу зарыл.

Бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.

Аталган алдын ала шайлоочулардын тизмесине кирбей калган жарандар Форма №2 арызы менен жогоруда аталган участкалык шайлоо комиссиясына, өзүн шайлоочулардын тизмесине кошуу суранычы менен, кайрылууга укугу бар. Мындай арыздар ү.ж. 19-сентябрына чейин гана кабыл алынат.

Тизмеге турам деген ар бир жарандын КОНСУЛДУК жана БИОМЕТРИКАЛЫК каттоосу болуусу зарыл.

Биометрикалык каттоону Кыргыз Республикасынын Кувейттеги Элчилигинде өтсө болот. Аталган кызматты көрсөтүү акысыз.

Добуш берүү үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту, кызматтык же дипломатиялык паспорту болуусу зарыл.

Кошумча маалыматтар үчүн участкалык шайлоо комиссияларынын катчылыгына кайрылсаңыздар болот.

Канымкулов Нурмухаммед - №9046 УШК, Эль-Кувейт,
тел.: +96551192101

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK