Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2022-жылдын 24-февралындагы маалыматтык билдирүүсү

1293

Украинада учурдагы кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Украинада жүргөн мекендештерибизге келген өлкөнүн мыйзамдарын жана тийиштүү эрежелерин сактап, жеке коопсуздук боюнча бардык чараларды көрүп, ал эми Украинага барууну пландаштырган мекендештерибизден жолго чыкпоону өтүнөт.

Элчилик Украинанын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандары менен тыгыз байланышта, аларга тийиштүү түшүндүрмөлөр берилген жана берилүүдө. Дипломатиялык өкүлчүлүк штаттык тартипте иштеп жатат.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштөөдө.

Кыргызстандын Украинадагы Элчилиги:

+380997573413,

+380442370346,

+380442370348,  а также «WhatsApp» группа Посольства;

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти

+996 551 312 000 - номер горячей линии;

+996 703 428 865

+996 709 983 465

++996 554 065 215.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK