КРнын КЭРдеги Элчиси К.Бактыгулованын Гуйчжоу провинциясынын Паньчжоу шаарынын Вице-мэри Гао Хэ менен өткөрүлгөн жолугушууcу жөнүндө пресс-релиз

689

2021-жылдын 28-сентябрында КРнын КЭРдеги Элчиси К.Бактыгулова Гуйчжоу провинциясынын Паньчжоу шаарынын Вице-мэри Гао Хэ менен жолугушууну өткөрдү.

Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай аймактар аралык кызматташтык, соода-экономикалык өз ара аракеттешүү, «Бир алкак, бир жол» кытай демилгесинин алкагында биргелешкен долбоорлорду иш жүзүнө ашыруу жөнүндө жана башка маселелерди талкуулашты. 

К.Бактыгулова өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин аракеттери жөнүндө айтып берип, Паньчжоу шаарынын мэриясын кытай ишмерлери менен бирге Кыргызстанга сапарды уюштурууга чакырды. Ошондой эле, Баткен облусуна атайын берилүүчү статусу тууралуу жана ал жерде орнотулуучу атайын жеңилдетилген салык режими жөнүндө маалымдады. Кыргызстандын облусттары менен Кытайдын провинцияларынын жана эки өлкөнүн шаарларынын ортосундагы түзүлгөн боордош мамилелерди бекемдөөнүн жана жаңы боордош байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Гао Хэ Паньчжоу шаарынын өнөр жай, инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Баткен облусу менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты жандандырууга даярдыгын билдирип, К.Бактыгулованын Баткен менен Паньчжоу шаарларынын ортосунда боордош мамилелерди орнотуу жөнүндөгү сунушун колдоду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK