Урматтуу мекендештер!

2914

Урматтуу мекендештер!

2021-жылдын 12-мартындагы Мыйзамы менен дайындалган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүнү)  катышуу үчүн 27- мартка чейин Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун шайлоочулар тизмесинде болушуңуз керек (УШК 9010).

Тизмеге кирүү талаптары:

1. Эгерде жаран биометрикалык маалыматын (манжа изин), Кыргызстанда же Башкы консулдукта  мурда тапшырган болсо, консулдук каттоого  турууга тийиш

2. Эгерде жаран мурда биометрикалык маалыматын тапшырбаса, анда консул менен +79607812324 номери аркылуу сүйлөшүп, белгиленген убакытта Башкы консулдука келип, биометрикалык маалыматын (манжа издери), консулдук каттоодон өтүү үчүн толтурулган форманы ) жана Кыргыз Республикасынын жарактуу паспортунун көчүрмөсүн  тапшырыңыз.

Биометрикалык маалыматтарын тапшырбастан, жаран алдыдагы мыйзам боюнча добуш бере албайт!

Толук аты-жөнүңүздү tizme.gov.kg сайтынан текшерип алсаңыз болот. Эгерде сиз өзүңүздү tizme.gov.kg веб-сайтындагы тизмеден таба албасаңыз, анда жарандын биометрикалык маалыматы тапшырылган эмес. Бул учурда жогоруда көрсөтүлгөн форма № 2 арызын тапшырып шайлоочулардын тизмесине кошулсаныз болот.

Референдум 2021-жылдын  11- апрель айында, Новосибирск шаарында, Крылова кочосу 64/1 дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунда  өтөт.

Добуш берүү  үчүн  сиз Башкы консулдука келишиңиз керек, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык чет өлкөлөрдө алыстан добуш берүү мүмкүн эмес.

Кошумча суроолоруңуз болсо, Консулдуктун жооптуу кызматкери менен +79607812324 номери аркылуу байланышып же konsulsib.kg@mail.ru электрондук дарегине кайрылсаңыз болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK