Пайдалуу маалымат

Тажикстан Республикасында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн сунуштар

Жалпы маалымат: Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасы ортосундагы, 2000-жылдын 30-ноябрында Минск шаарында кол коюлган «Жарандардын өз ара визасыз жүрүү жөнүндөгү» макулдашууда, Кыргызстан жана Тажикстан жарандары үчүн өз ара визасыз саякаттар каралган.

Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-ноябрында №666 чечимине ылайык, Кыргыз Республикасы, 60 күн убактысына ички иштер органдарында каттоодон бошотулган өлкөлөрдүн тизмесине киргизилген. Ошондуктан, 60 – күндөн кийин, жүргөн жер боюнча каттоого турушу керек.

Кыргыз Республикасынын жарандары Тажикстан Республикасына кирүүдө/чыгууда, төмөнкү документтер колунда болуу зарыл:

1. Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту;

2. Кыргыз Республикасынын кызматтык паспорту;

3. Кыргыз Республикасынын дипломаттык паспорту;

4. Моряктын китеби (кемедеги экипаждын тизмеси туралуу документи же андан алынган көчүрмө )

5. Кыргыз Республикасына кайтуу күбөлүгү.

Кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрүү-көзөмөл пункттарында, Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту (ID-карта) жана жашы жете электер үчүн туулгандык күбөлүгү, Тажикстан Республикасынын аймагына кирип-чыгууга уруксат берген документ катары эсептелбейт.

Кошумча документтер (жеке транспорт каражаттарын убактылуу киргизүү ж.б. документтер) кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрүү-көзөмөл пункттарында жасалып берилет.

Мындан тышкары, жашы жете элек балдар ата-энесинин бирөөсү менен Тажикстандын аймагына кирүүдө, экинчи ата-энесинин нотариалдык ынандырылган ишеним каты талап кылынат. Тажикстандын аймагында жашы жете элек бала ата-энесиз болсо, аны коштоп жүргөн кишиге, же Тажикстанда аны тоскон кишиге, эки ата-энесинен нотариалдык ынандырылган ишеним каты зарыл. Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги, Тажикстан Республикасынын аймагында жүргөн мекендештерге Тажикстандын чет өлкөлүк жарандардына караштуу мыйзамдарын, кирүү жана чыгуу, каттоого туруу жана эмгек мамилелерди тактоо эрежелерин так сактоону сунуш кылат.

Пайдалуу сунуш: Тажикстанда жүргөндө, жанынызда паспортунуз (же паспортунуздун көчүрмөсү), анын ичине убактылуу каттоого турганыныздын талону болгону зарыл.

Эгер милиция кызматкерлери документтеринизди текшерүүгө кайрылса, алардын кызмат күбөлүгүн сурасаныз болот. Бул учурда, бир гана паспортунузду көрсөтүү зарыл. Баштыктардын жана чөнтөгтүн мазмунун көрсөтүүгө эч кандай зарылчылыгы жок.

Ички иштер кызматкерлери тарабынан бийликти кыянаттык менен пайдалануусу көрүлсө, анын аты-жөнүн, наамын, жумуш жайын сурап, Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы элчилигине же Тажикстандын ички иштер органдарынына кайрылсаныз болот.

Эгер сизге мыйзамсыз айып салынса, сизди кармап камакка салышса, сиздин документтеринизди алып же булгаса, сиз Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы элчилигинин кызматкерлери менен жолугушууну талап кылуу укугунуз бар.

Коомдук жайларга, базарларга барганда, жолдорду өткөндө этият болунуздар.

Шашылыш учурларда, Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы элчилиги менен +992 887782223 номери боюнча байланыша аласыз.