Дипломатиялык миссиянын башчысы

Рустенбеков Жаныш Султанкулович

Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

Туулган жылы: 1949-жылдын 25-сентябрь күнү.

Билими:

1968 – 1973 ж. – Москва энергетикалык институту;

Ташкент Жогорку партиялык мектеби – саясат таануучу;

Кесиптик тажырыйбасы:

1973 – «Киргизглавэнерго»-нун инженери.

1975 - 1977 ж. – инструктор, Лениндик Коммунисттик Жаштар Союзунун Борбордук комитетининин секторунун башчысы.

1977 - 1981 ж. – Фрунзе шаарынын Ленин районунун Лениндик Коммунисттик Жаштар Союзунун биринчи катчысы.

1981 - 1984 ж. - Ленин районунун Коммунисттик партиянын комитетинин өнөр жай бөлүмүнүн башчысы.

1984 - 1987 ж. – Фрунзе шаарынын Коммунисттик партиянын комитетинин уюштуруу башчысынын орун басары.

1987 - 1992 ж. – Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аткаруу комитетинин төрагасы.

1992 - 1993 ж. - Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Мамлекеттик башкармалыгынын башчысы.

1993 - 1994 ж. - Мамлекеттик катчы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси.

1994 – 1995 ж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик катчысы.

1995 - 1996 ж. - Ош облусунун губернатору.

1996 – 2000 ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору.

2000 – 2005 ж. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты.

2005 ж. - Кыргыз Республикасынын экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучусу.

2005 - 2007 ж. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри.

2007 - 2011 ж. – Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.

2014 – 2018 – жылдын декабры - Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.

2018-жылдын декабрынан – Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.

Кошумча маалымат:

«Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси» деген дипломатиялык рангы бар.

Кыргыз Республикасынын бир нече мекемелик сыйлыктар менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, эки кызы бар.