Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Рустенбековдун Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары М.Хусейнзода менен жолугушуусу болуп өттү

2597

2021-жылдын 27-апрель күнү Душанбе ш. Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Рустенбековдун Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары М.Хусейнзода менен жолугушуусу болуп өткөн.

Өзгөчө көңүл кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселесине бурулган.

Тараптар кыргыз-тажик Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тездетүү жана чек ара боюнча Өкмөттүк делегациялардын ишин активдештирүү зарылдыгы тууралуу тараптар макул болушту.

Өлкөлөрдүн ортосундагы чек ара тилкесин аныктоону аяктоо чыңалууну жоюуга жана жалпысынан Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чек ара аймактарындагы чыр-чатактуу кырдаалдарды жана инциденттерди азайтууга оң таасирин тийгизет.

Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчиси Ж.Рустенбековдун жолугушуусунун жүрүшүндө  ушул жылдын март айынан бери Элчиликтин дарегине Тажикстан Республикасынын Лахш районунун аймагында убактылуу/туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынан укук коргоо органдары тарабынан аймакта жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспорт режимин массалык текшерүү жөнүндө тушүп жаткан маалыматтар боюнча тынчсыздануусун билдирген.

Элчи Кыргыз Республикасынын жарандарын күчөтүлгөн текшерүүлөрдүн фонунда, өткөн мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасынын 207 жараны Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу боюнча консультация алуу үчүн Элчиликке кайрылгандыгын маалымдаган

Жолугушуунун жыйынтыгында, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы түзүлгөн достук мамилелер мындан ары өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана жакшы коңшулукту чыңдоонун негизи болуп кала берет деген ишеним билдирилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK