Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулган миграциялык амнистиянын (“жашыл коридор) аяктагандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык билдирүүсү

816

Министрлик, 2022-жылдын 19-январындагы Кырыгз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулган миграциялык амнистиянын (“жашыл коридор) мөөнөтү – 2022-жылдын 1-марты – такталганын эскертет.

Маалымат үчүн: дүйнөдө коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуусуна байланыштуу киргизилген убактылуу чектөөлөр колдонулган учурда, 2020-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №84-б буйругу кабыл алынган, алга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында визалык жана визасыз тартипте жүргөн чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу визаларын тариздебестен жана турган жери боюнча каттоосуз чыгып кете ала тургандыгы белгиленген.

Чет мамлекеттер менен авиа, темир жол жана автоунаа каттамдары жандандырылгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулган “жашыл коридорду” 2022-жылдын 1-мартынан баштап жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын аймагында ар кандай максатта жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга 2022-жылдын 1-мартына чейин мамлекеттин аймагынан чыгып кетүү же Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүрүүгө тиешелүү документтерди (виз, каттоо) тариздөө сунушталат.

Кыргыз Республикасынын визалары 2017-жылдын 15-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө Жобосунда көрсөтүлгөн тиешелүү негиздер бар учурда “Электрондук виза” порталы аркылуу электрондук түрдө таризделет.

Министрлик 2022-жылдын 1-мартынан тартып жирүү тартибин бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынан чыгуусу айып пул төлөнгөндөн жана чыгуу вазасы таризделгенден кийин гана мүмкүндүгүн өзгөчө белгилейт.

Маалымат үчүн: Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына чакырган же кабыл алган адамдын, аларды каттоонун жашап туруу, жүрүү, жашаган жерин өзгөртүү укугун, ошондой эле Кыргыз Республикасынан өз убагында чыгып кетүүгө документтерди жол-жоболоштуруунун белгиленген тартибин бузуусу жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет

Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуусу жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Толук маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондор аркылуу кайрылуу керек:

(+996) 312 66-30-70;

(+996) 703 42-88-65 (+Whatssapp);

Instagram: @visacenterkg;

Telegram: @ visacenterkg

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK