Элчилик Түркия Республикасынын Улуттук бак отургузуу күнүнө арналган көчөт отургузуу аземине катышты

2022-жылдын 11-ноябрында Элчилик Түркия Республикасынын Улуттук бак отургузуу күнүнө арналган көчөт отургузуу аземине катышты.
Бак-дарактарды отургузуу аземи Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу-өлкөлөрүндө бир убакытта өттү. ТМУга катышуучу-өлкөлөрдүн башчылары Самарканддагы Регистан аянтына көчөт отургузушту.
Түркиядагы аталган иш-чарага Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай, Түркия Республикасынын Айыл жана токой чарба министри Вахит Киришчи, Азербайжандын, Казакстандын, Венгриянын жана Тажикстандын Элчилери, ошондой эле Өзбекстандын Элчилигинин өкүлдөрү катышты.
Маалымат үчүн: 2019-жылдан бери Түркия Республикасында 11-ноябрда жыл сайын Улуттук бак отургузуу күнү белгиленип келет.