Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту

513

2022-жылы 17-августта Түркия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы боордоштук жана стратегиялык өнөктөштүк рухуна негизделген эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин белгилешти. Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана Кыргыз-Түрк өнүктүрүү (инвестициялык) фондун түзүү боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар ошондой эле соода-экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынынын иш-чаралар планын ишке ашыруу жана жакынкы аралыкта анын кийинки жыйынын өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде министр Жээнбек Кулубаев Фуат Октайга жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун саламын айтты.

Жыйынтыгында Тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө умтулуусун билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK