Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Анкара шаарындагы Кечиөрен муниципалитетинин башкы аянтында тургузулган Улуу Манастын эстелигине барды

476

2022-жылы 17-августта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасына расмий сапарынын алкагында Анкара шаарындагы Кечиөрен муниципалитетинин башкы аянтында тургузулган Улуу Манастын эстелигине барып, мэр Тургут Алтынок менен жолугушту.

Мэр Т.Алтынок аянт боюнча узак эмес экскурсия жүргүзүп, эстеликтин тургузуу тарыхы жана хронологиясы, ошондой эле түрк элдеринин жалпы маданий баалуулуктарына таянуу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Түркиянын аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча айрым маселелер, Кечиөрен муниципалитетинин бул багыттагы мүмкүнчүлүктөрү жана потенциалы талкууланды.

Министр Ж.Кулубаев мэрге кыргыз-түрк мамилелерин кеңейтүүгө жана борбор калаанын муниципалитетинде кыргыз тарыхынын жана маданиятынын эстелигин түбөлүккө калтырууга ар тараптуу көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK