Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Стамбулдагы жардырууга байланыштуу Түркиянын Вице-президенти Фуат Октайга көңүл айтты

650

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Стамбулдагы жардырууга байланыштуу Түркиянын Вице-президенти Фуат Октайга жолдогон көңүл айтуу кайрылуусунда “Түркиянын Стамбул шаарынын Истиклял көчөсүндө болгон жарылуунун кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм” – деп айтылат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK