Анкара шаарында Касым Тыныстановго, Түгөлбай Сыдыкбековго жана Токтоболот Абдумомуновго арналган эскерүү иш-чаралары өттү

790

2022-жылдын 6-7-декабрларында Анкара шаарында ТҮРКСОЙ уюму тарабынан уюштурулган окумуштуу, акын жана мамлекеттик ишмер Касым Тыныстановго, жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековго жана драматург Токтоболот Абдумомуновго арналган эскерүү иш-чаралары өттү.

Иш-чарага ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Султан Раев, Казакстандын Элчиси Еркебулан Сапиев, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Төрагасы Каныбек Осмоналиев, Элчиликтин атташеси Бегимай Бакытбек, Евразия жазуучулар союзунун Башчысы Якуп Өмероглу, ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын илимий-билим берүү коомчулугунун жана маданиятынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Токтоболот Абдумомунов жана Түгөлбай Сыдыкбеков тууралуу даректүү тасмалар көрсөтүлдү, ошондой эле Касым Тыныстановдун турк тилиндеги ырлар жыйнагынын бет ачары болду.

14 профессор, илим жана маданият ишмерлери баяндама жасашып, анда К.Тыныстановдун, Т.Сыдыкбековдун жана Т.Абдумомуновдун өмүрү жана чыгармачылыгы,  алардын улуттук иденттүүлүктүн калыптанышына, кыргыз маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымдары, ошондой бүткүл түрк дүйнөсү үчүн калтырышкан мурастары сыяктуу кеңири маселелердин тегерегинде сөз сүйлөштү.

Иш-чара улуттук күүлөрдү комузда аткаруу, “Манас” эпосунан үзүндү айтуу жана катышуучуларды ыраазычылык баракчалары менен сыйлоо менен жыйынтыкталды.

 
 
 
 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK