Анкарада Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш чарасы өтөт

Кымбаттуу мекендештер жана достор,
Элчилик Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитети менен биргеликте залкар жазуучу, ойчул жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата эскерүү иш-чарасын уюштурууда. Иш-чаранын алкагында Кечиөрен муниципалитетиндеги жазуучунун атындагы сейил бакта эстелигине гүл коюу аземи өтөт.
Кыргыз элинин чыгаан уулун эскерүүгө арналган иш чарага катышууга чакырабыз.
Күнү жана убактысы: 2022-ж. 19-декабрында саат 11:00дө
Өткөрүү жери: Кечиөренде Ч.Айтматов атындагы паркта
Дарек: İncirli Mahallesi Barışyolu Caddesi No8/Keçiören (Аnkara)