Анкара шаарында Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган иш-чара өттү

2022-жылдын 16-декабрында Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө байланыштуу (12-декабрь) анын жаркын элесине арналган, Элчиликтин колдоосу менен Анкарадагы кыргыз студенттер коому жана Гази Университетине караштуу Түрк дүйнөсүн изилдөө жана ишке ашыруу борбору тарабынан уюштурулган иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Гази университетинин профессордук-окутуучулук курамы, Түркиянын жогорку окуу жайларынын студенттери жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин улуттук бийлери аткарылып, комузда улуттук композициялар жаңырды. Ошондой эле улуттук буюмдар менен жазуучунун “Кылым карытар бир күн” чыгармасынын негизинде театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, улуттук тамак-аштар тартууланды.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 12-декабрында кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 94 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Конья шаарында кыргызстандык студенттер тарабынан уюштурулган масштабдуу иш-чара өткөн.
Жазуучунун туулган күнүнө арналган кезектеги иш-чара 2022-жылдын 19-декабрында Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетиндеги Чыңгыз Айтматов атындагы паркта Элчиликтин, Кечиөрен мэриясынын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнүн жана мекендештердин катышуусунда өтөт.