Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Түркиядагы жер титирөөгө байланыштуу түрк кесиптешине көңүл айтты

334

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Түркиядагы жер титирөөгө байланыштуу Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октайга көңүл айтты.

«2023-жылдын 6-февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтам.

Жараткандан жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин тилейм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK