2023-жылдын 7-февралына карата жер титирөөгө байланыштуу Түркиядагы жалпы абал тууралуу маалымат

421

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:30га карата (Бишкек убактысы боюнча 15:30) болгон маалыматка ылайык, 2023-жылдын 7-февралында Түркиянын түштүгүндө болгон жер титирөөлөрдүн натыйжасында каза болгондордун саны 3419 адамга, жаракат алгандардын саны 20534кө жетти, 5775 имарат кыйрап, 8000ден ашуун адам урандылардын астынан чыгарылды, 338 миң адам мектептердин, университеттердин жана мечиттердин жатаканаларына жана спорт залдарына жайгаштырылды.

Кыргызстандын Түркиядагы өкүлчүлүктөрүндө азыркы учурда жер титирөөдөн оор жаракат алган же каза болгон жарандар тууралуу маалымат катталган эмес.

Ошол эле учурда Элчилик, Анталия жана Стамбул шаарларындагы Башкы консулдуктар жер титирөөдөн жабыркагандар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары боюнча маалыматтарды тактоо иштерин улантууда. Кырсык болгон аймактарда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен активисттер менен байланыш түзүлдү. Активисттердин жана Түркиянын компетенттүү органдарынын жардамы менен мекендештер арасында курман болгондордун же каза болгондордун бар-жоктугун тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетүү керек, кырсык болгон аймакта уюлдук байланыш, интернет жана электр энергиясы боюнча көйгөйлөр бар.

Элчиликтин, Стамбул жана Анталия шаарларындагы Башкы консулдуктардын кызматкерлери кырсык болгон аймакка жардам көрсөтүү үчүн жөнөп кетишти.

Ошол эле учурда жабыркаган аймактарда Кыргызстандын жарандары да бар, алар убактылуу жашаган жерлерине жайгаштырылган. Ошондой эле автоунааларда күтүп отургандар да бар.

Жылуу жууркан, плед, телефондор үчүн портативдик батареялар, ошондой эле накталай акча түрүндө жардамга муктаждык бар. Буга байланыштуу Түркиянын жана Кыргызстандын жабыркаган жарандары үчүн Анкара жана Стамбул шаарларында гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттары ачылды.

Мындан тышкары, жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн Элчилик тарабынан акча которуу үчүн атайын эсептер ачылды.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобу Түркияга келип, кырсык болгон аймактарга жөнөп жатышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK