Размер шрифта

Документтерди мыйзамдаштыруу

Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн документтерди мыйзамдаштыруунун схемасы (тартиби):

  1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик нотариалдык конторасы;
  2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин адвокатура жана нотариат башкармалыгы;
  3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдуккызмат департаменти;
  4. Документтер аймагында пайдаланыла турган чет мамлекеттин Кыргыз Республикасында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси же болбосо документтер аймагында пайдаланыла турган чет мамлекетте аккредиттелген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси.

Чет мамлекеттин аймагында түзүлгөн документтерди мыйзамдаштыруунун схемасы (тартиби):

  1. Чет мамлекеттин компетенттүү органы;
  2. Чет мамлекетте аккредиттелген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси;
  3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдуккызмат департаменти.

Эгерде документтер Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси тарабынан мыйзамдаштырылбаган учурда:

  1. Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси;
  2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдуккызмат департаменти.

Мыйзмадаштырууга жатпаган документтер

- Паспорттор

- Аскер билеттери

- Эмгек китепчелери

- Айдоочулук күбөлүктөр

- Транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө техникалык паспорттор

- Профсоюздук билеттер

- Дин ишенимине жана сословиелерге тиешелүүлүгү жөнүндө документтер

Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү же анын жарандарынын аброюна шек келтирүүчү мазмундагы документтер дагы мыйзамдаштырылбайт.

Маанилүү маалымат!

Минск шаарында 1993-жылдын 22-январында жана Кишенев шаарында 2002-жылдын 7-октябрында кол коюлган жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө Конвенцияларга ылайык, гербдүү мөөр менен бекитилген жана белгиленген форма боюнча анын компетенциясынын чегинде атайын ыйгарым укуктуу адам же компетенттүү мекеме тарабынан берилген же күбөлөндүрүлгөн документтер кандайдыр бир атайын күбөлүксүз төмөндөгү мамлекеттердин аймагында кабыл алынат:

1. Азербайжан Республикасы;

2. Армения Республикасы;

3. Беларусь Республикасы;

4. Грузия;

5. Казакстан Республикасы;

6. Молдова Республикасы;

7. Россия Федерациясы;

8. Тажикстан Республикасы;

9. Түркмөнстан;

10. Өзбекстан Республикасы;

11. Украина.

1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясынын мүчө өлкөлөрүнүн аймагында жасалган расмий документтер (дипломатиялык жана консулдук агенттиктер тарабынан жасалган документтерден жана бажы же коммерциялык операцияларга түздөн-түз тиешелүү болгон административдик документтерден сырткары) мыйзамдаштыруудан бошотулган.

Мындай учурда документтер Кыргыз Республикасынын тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан апостиль коюу жолу менен күбөлөндүрүлөт.

Муну менен бирге, 1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу Гаага конвенциясы, ушул Конвенцияга карата Кыргыз Республикасынын кошулуусуна бул мамлекеттердин каршы болуусунун натыйжасында, төмөндөгү мамлекеттер жана Кыргыз Республикасынын ортосунда колдонулбайт:

1. Австрия Республикасы;

2. Бельгия Королдугу;

3. Германия Федеративдүү Республикасы;

4. Греция Республикасы.