2021-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов, меценат жана ишкер, зыгыр жана өндүрүштүк кара куурай өстүрүү боюнча адистешкен «Десналенд» компаниясынын директору Мишель Терещенко менен жолугушуу өткөрдү.

610

Элчи Ж.Шарипов Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Украинанын Улуттук Агрардык Илимдер Академиясынын Институтунун жардамы менен техникалык кара куурайды өстүрүү жана кайра иштетүү боюнча Украинанын тажрыйбасын активдүү изилдеп жатканын айтты. Кыргыз Республикасынын шартында ишке ашыруу, ошондой эле, бул багыттагы тажрыйбасы менен бөлүшүүсүн суранды.

Өз кезегинде, М.Терещенко өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө, атап айтканда, техникалык кара куурайды өстүрүү, колдонуу жана андан ары сатуу боюнча маалымат берди, ошондой эле, техникалык кара куурайды агрардык секторго киргизүү үчүн укуктук негизди даярдоого ар кандай жардам көрсөтүүгө жана Кыргызстандын аймагында бул өсүмдүктү өстүрүү тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар бул багытта кызматташтыкты кеңейтүү үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө жетишишти.

Маалымат үчүн: М.Терещенко - өнөр жайчылар жана искусство меценаттары Терещенко аттуу украин тектүү үй-бүлөсүнүн өкүлү. Мишелдин чоң атасы Михаил Терещенко (1888-1956) Россия империясынын Убактылуу өкмөтүнүн финансы министри болгон. Мишелдин атасы Петр Михайлович Терещенко (1919-2004), атактуу француз окумуштуу-химиги болгон, рапстан биоотун өндүрүү технологиясын иштеп чыккан.

М.Терещенко - Терещенко мурасы фондунун негиздөөчүсү, анын милдети - революцияга чейин Киевде жана Глуховдо Терещенко кланы өкүлдөрү курган имараттардагы учурдагы ишмердүүлүгүн колдоо.

  • 2021-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов, меценат жана ишкер, зыгыр жана өндүрүштүк кара куурай өстүрүү боюнча адистешкен «Десналенд» компаниясынын директору Мишель Терещенко менен жолугушуу өткөрдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK