Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маанилүү маалымат

534

Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр, урматтуу Кыргызстандыктар!

Жаңы окуу жылына Элчилик менен Бухарестин Политехник университети жана Араддын Аурел Влайку университети менен түзүлгөн келишимдердин негизинде жумуштар улантылууда. Анын алкагында техникалык жана гуманитардык багыттарда бекер окутуу үчүн Кыргыз Республикасынан 20 стипендиялык орундар жыл сайын берилет (бакалавр жана магистратура, докторантурага кошумча квота).

ЖОЖдордо окутуу тилдери англис, немис, француз жана румын тилдеринде. Студенттер жатакана менен камсыз болушат (болжол менен баасы айына 80-100 евро). Зарыл болгон учурда студенттерге университетте тилдерди өздөштүрүү үчүн бир жылдык даярдоо курсу берилет.

Студенттерди конкурстук тандоого румын тарап өздөрү тартылат.

Өткөн окуу жылынан бери Кыргыз Республикасынан 3 студент окуусун улантууда. Бул университетте окууну каалагандар сынакка арызды азыртадан бериши керек.

Кененирээк: https://www.unipage.net/ru/7811/aurel_vlaicu_university_of_arad

Суроолоруңуз болсо Элчилике кайрылсаңыздар болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK