Маалыматтык билдирүү

555

Ушул жылдын 7-майында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси И.Кадыркулов Мирлан Курманалиевди Украинадагы Кыргызстандыктар коомунун жетекчиси кызматына шайланышы менен куттуктады.

Мейманга Элчиликте кооздолгон “Манас” бурчу көрсөтүлүп, анда Элчи И.Кадыркулов каада-салтыбызга ылайык М.Курманалиевдин ишмердүүлүгүнө албан ийгиликтерди каалады.

Диаспора башчысы менен жолугушууда кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн Украинадагы болушуна жана иш аракеттерине байланышкан негизги маселелер талкууланып, кыргыз диаспорасынын катышуусунда иш-чараларды өткөрүү боюнча үстүбүздөгү жылдын пландары талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK