2020-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов жаңы дайындалган Түркмөнстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Т.Атаев менен жолукту.

4759

2020-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов жаңы дайындалган Түркмөнстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Т.Атаев менен жолукту.

Элчи Ж.Шарипов Элчи Т.Атаевди кызматка дайындалышы менен куттуктап, жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.

Тараптар Кыргызстан жана Түркмөнстандын ортосунда бар болгон достук мамилелерди мындан ары дагы өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдирип, ошондой эле, алар элчи болуп дайындалган өлкөдө болуп жаткан маанилүү окуялар жана актуалдуу маселелердин тегерегинде пикир алмашышты.

Жолугушуунун соңунда, Түркмөнстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джамич Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шариповго жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуу достук маңызда өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK