2020-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов жаңы дайындалган Азербайджан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.Ахундова менен жолукту.

53

Элчи Ж.Шарипов Элчи Э.Ахундованы кызматка дайындалышы менен куттуктап, жооптуу мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.

Тараптар алар элчи болуп дайындалган өлкөдө болуп жаткан маанилүү окуялар жана актуалдуу маселелердин тегерегинде пикир алмашышып, таажы вирусу тууралуу маектешип, Кыргызстан жана Азербайджандын ортосунда бар болгон достук жана боордош мамилелерди мындан ары дагы өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда, Азербайджандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.Ахундова Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шариповго жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуу достук жана конструктивдүү маңызда өттү.

  • 2020-жылдын 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов жаңы дайындалган Азербайджан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.Ахундова менен жолукту.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK