Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин 2020-жылдын 30-июнундагы Маалыматтык билдирүүсү

305

2020-жылдын 17-июнунда Украинанын Министрлер Кабинетинин № 500 токтомуна ылайык, «Украинанын Министрлер Кабинетинин айрым укук-ченемдик актыларына» өзгөртүүлөр киргизилип, «Үйдөн чара көр» электрондук сервис аркылуу өзүн өзү башкалардан чектөөгө жана милдеттүү обсервациядан өтпөстөн Украинанын аймагына кирүүгө уруксат берилген чет өлкөлүк жарандардын категориялары кеңейтилген.

Ага ылайык, чет өлкөлүк жаран, эгерде, транзиттик өтүү менен кирип жатса, ага Украинанын аймагынан чыгып кетүүгө 2 күн убакыт берилет.

Ошондой эле, туруктуу жүргүнчүлөрдү ташыган автобустардын айдоочуларына дагы жогоруда белгиленген эрежелер колдонулат.

Поделиться

Facebook LinkedIn Twitter VK OK