Укуктук базасы
Дипломатиялык мамилелер орногон мезгилдин ичинде Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу кызматташуунун келишимдик-укуктук базасын 352ден ашуун (198 мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык, 146 ведомстволор аралык жана 8 башка) келишимдер, макулдашуулар жана башка өз ара аракеттерди жөнгө салган документтер түзөт.
1992-жылдын 10-июнунда КР менен РФнын ортосунда достук, кызматташуу жана өз ара жардам жөнүндө Келишим, 2000-жылдын 27-июнунда КР менен РФнын ортосунда түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө Декларация жана 2017-жылдын 19-июнунда кол коюлган КРсы менен РФнын ортосунда союздаш жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жөнүндө Декларация стратегиялык өнөктөштүктүн, эки тараптуу кызматташуунун негизги документтери болуп саналат.
2017-2018-жылдары 20 эл аралык документ иштелип чыгып, кол коюлган.