Элчилик Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 22-февралындагы № 56 «Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине кайтаруу тартиби жөнүндө» Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги №169 "Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына алып келүү менен байланышкан чыгымдарды жабуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому кабыл алынган.

3232

Аталган токтом менен сөөктөрдү (жүк-200) алып кетүү чыгымдары үчүн бир жолку төлөмдү Кыргыз Республикасынын аймагында да, Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментинин алдындагы Маалыматтык-консультациялык борбордо, ошондой эле Россия Федерациясынын аймагында Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө/консулдук мекемелеринде да алуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Бир жолку төлөмдү алуу үчүн талап кылынган документтердин тизмеси:

1. Арыз;

2. Акча каражатын алуучунун паспортунун көчүрмөсү;

3. Туугандык жакындыгын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (нике күбөлүгү, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк);

4. Өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же консулдук каттоого туруу белгиси же болбосо апостиль коюлган өлгөндүгү жөнүндө маалымдама.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK