Жарандарга көрсөтүлгөн консулдук жардам тууралуу

901

2022-жылдын февраль айында С.Б.К., аттуу Кыргыз Республикасынын жараны укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Сургут шаарындагы Канцеляриясына кайрылган.

Анын мындай билдирүүсүнө МКК «Страна Экспресс» компаниясынан анын атына берилген делген 45 миң рубль өлчөмүндөгү пайызы менен кредитти кайтарып берүүнү талап кылган чексиз телефон чалуулар себеп болгон. Жарандын айтканы боюнча, ал МКК «Страна Экспресс» компаниясынан кредит тариздетип, акчалай каражат алган эмес.

Тыкыр жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, С.Б.К., аттуу жаран Б.А., аттуу кесиптешине өзүнүн мобилдик телефонун колдонууга берген. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланган кесиптеши анын телефонунан карыз акча тариздетип, алынган 30 мсиң рубль өлчөмүндөгү акчалай каражатты  өзүнүн таанышынын банктык эсебине которуп койгон. Ал өз кезегинде акчаны шериктешинин эсебине которгон. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Б.А., аттуу жаран жасаган кылмышын мойнуна алып, Кыргыз Республикасынын С.Б.К., аттуу жаранына акчаны толугу менен төлөп берген.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK