Жарандарга көрсөтүлгөн консулдук жардам тууралуу

951

Март айынын башында Кыргыз Республикасынын М.Т. аттуу жараны Россия Федерациясынын К.Г.Т. аттуу жараны (этникалык кыргыз аял) Россия Федерациясынын жарандыгын алууга көмөк көрсөтөм деп алдоо жолу менен 15 миң рубль акчасын ээлеп алганы боюнча арыз менен Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Сургут шаарындагы Канцеляриясына кайрылган. Ошентип, К.Г.Т. аттуу жаран Россия Федерациясынын жарандыгын алууда биринчи кадам боло турган ашпозчунун жасалма дипломун тариздөө үчүн 15 миң рубль которууну суранган. Каражатты алгандан кийин К.Г.Т. аттуу жаран байланышка чыгууну токтоткон.

Кыргыз Республикасынын жаранынын кайрылуусунун негизинде, Элчилик тарабынан Россия Федерациясынын компетенттүү органдары менен жабырлануучунун акча каражаттарын аныктоо жана кайтарып берүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Натыйжада, К.Г.Т. аттуу жаран арыз ээсине чыгымды толугу менен кайтарып берген. Ал эми К.Г.Т. аттуу жаранга карата Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан кошумча текшерүү жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK