Бүткүл дүйнөлүк соода уюму (БДСУ)

Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк соода уюмунун ортосундагы кызматташуу тууралуу
1996-жылдын 18-январында Кыргызстандын Өкмөтү Дүйнөлүк соода уюмунун (мындан ары - ДСУ) Башкы дирекциясына ДСУга кирүү ниети тууралуу билдирүүнү киргизген. Уюмга киргизүү боюнча бардык иш-чаралар жүргүзүлгөндөн кийин, 1998-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ДСУну түзүү жөнүндө Марракеш макулдашуусуна кошулуу тууралуу Протокол ратификацияланган. Бул Протокол 1998-жылдын 20-декабрында күчүнө кирип, Кыргызстан ДСУнун 133-мүчөсү болуп калган.
ДСУ менен 20 жылдан ашуун кызматташуу мөөнөтүнүн ичинде Кыргыз Республикасы Уюмдун өзү жана анын мүчө-мамлекеттери менен өз ара аракеттешүү боюнча максаттуу, планга ылайык иштерди жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө Кыргызстан ДСУда Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы БУУнун Бөлүмүнүн жана башка эл аралык уюмдардын алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Женева шаарындагы ДСУнун алдындагы Өкүлчүлүгүнүн деңгээлдеринде көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын келген делегациялар Уюмдун иш-чараларында эң активдүү катышып келишет, анын ичинде, Экономика министринин жана анын орун басарларынын деңгээлдеринде дагы катышат. Өлкөбүздүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү ДСУнун семинарларында жана курстарында мүчө-мамлекеттердин спонсордук жардамынын эсебинен окутуу тренингдеринен регулярдуу түрдө өтүп турушат.
Азыркы учурда ДСУнун алкагында кыргызстандык тарап төмөнкү иштерди жүргүзүүдө:
1. ДСУнун аянтчалары берген мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу аркылуу Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын үзгүлтүксүз түрдө коргоо. ДСУнун толук мүчөсү катары Кыргыз Республикасы өзүнүн каалаган жеке демилгелерин алып чыга алат, жана ошондой эле Кыргызстандын кызыкчылыктарына жооп бербеген учурларда, ДСУнун башка мүчө-мамлекеттери тарабынан айрым-бир чаралардын сакталбай жаткандыгы тууралуу маселелерди көтөрө алат.
2. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭБ) киришине байланыштуу ДСУнун айрым-бир мүчө-мамлекеттерине мүмкүн болуучу компенсацияларды төлөп берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын позицияларын коргоо.
3. Кыргыз Республикасынын 2020-жылы өтө турган соода саясатынын талдоосуна даярдануу. Бул Кыргызстандын ДСУнун алдындагы эң башкы милдеттенмелеринин бири болгондуктан, мындай багытта сапаттуу иштер жүргүзүлүүдө.
4. Кыргыз Республикасынын ДСУнун Мамлекеттик сатып-алуулар жөнүндө макулдашуусуна кошулуу мүмкүндүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү. Учурда бул Макулдашууга Кыргызстандын кирүүсү боюнча илгери багытталган жана кылдаттуу түрдө ойлонуштурулган иштер алынып барат.
5. Кыргызстандын ЕЭБдеги мүчөлүгүн эске алуу менен, бул Уюмдагы мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрү менен ДСУнун алкагында биздин өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына жооп берүүчү маселелерди чечүү боюнча бирдиктүү иштерди жүргүзүү.
6. Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн ДСУнун негизги органдары менен комитеттерине шайланышын камсыз кылуу. Учурда Кыргызстандын өкүлү Өзгөчө кызмат көрсөтүүлөр боюнча комитетте төрагалык кылып келет.
7. ДСУнун Секретариаты менен бирдикте эл аралык эксперттик чөйрөлөрдү ишке тартуу аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында регионалдык конференцияларды жана семинарларды өткөрүү. Өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн кызматтык потенциалын көтөрүү максатында Кыргызстанда ар кандай улуттук семинарлар дагы регулярлуу түрдө өткөрүлүп турат. Акыркы жылдары тарифтер менен кызмат көрсөтүүлөр боюнча тренингдер өткөрүлдү. 2019-жылдын күз айларында айыл чарба маселелери боюнча семинардын өткөрүлүшү күтүлүүдө.
8. Кыргызстандын өкүлдөрүнүн ДСУнун Секретариаты тарабынан уюштурулуп туруучу (спонсордук жардамдын эсебинен) тренингдерде, семинарларда жана курстарда катышуусун камсыз кылуу. Мамлекеттик органдардын кызматкерлери ДСУнун макулдашууларынын алкагындагы актуалдуу маселелер боюнча туруктуу түрдө билим алып турушат.
Дүйнөлүк соода уюму менен Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу аркылуу өз ара пайдалуу кызматташууну жүргүзүү өлкөнүн жакынкы жылдардагы негизги приоритеттеринин бири бойдон кала бермекчи.