Туруктуу өкүл Омар Султанов БУУнун Женевадагы кеңсесинин башкы директору Татьяна Валоваяга ишеним грамотасын тапшырды

1222

2022-жылдын 17-августунда Швейцариянын Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун кеңсесинде Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Омар Султановдун ишеним грамоталарын БУУнун Женевадагы кеңсесинин Башкы директору Татьяна Валоваяга тапшыруу аземи болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө О.Султанов Кыргызстан БУУнун ишмердүүлүгүн жогору баалап, өнөктөштүк жана диалог принциптерине негизделген БУУ менен ар тараптуу кызматташууну бекемдөөгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстандын тоолорду туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүүдөгү артыкчылыктарына токтолду.

Т.Валовая О.Султановду Женевага келиши менен куттуктап, анын ишмердигине ийгиликтерди каалап, БУУ Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууну уланта берерине ишендирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK