Консулдук каттоо

Германия Федеративдүү Республикасынын, Дания Королдугунун, Польша Республикасынын, Норвегия Королдугунун жана Швеция Королдугунун аймактарында жашаган, урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары,

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы
№ 632-токтомуна ылайык, «Консулдук каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы колдонулат.

Консулдук каттоого алуу жана каттоодон чыгаруу дистанттык түрдө - Кыргыз Республикасынын Элчилигине же Консулдугуна баруусуз жүргүзүлгөнүн белгилейбиз.

Ошону менен, консулдук каттоо процесси электрондук форматка өткөрүлдү.

Консулдук каттоого алуу жана каттоодон чыгаруу акысыз.

Консулдук каттоо үчүн электрондук дарекке төмөнкүлөрдү жөнөтүү зарыл:

 

Германиянын Федералдык жерлери - Berlin, Hamburg, Bremen, Brandenburg, Mecklenburg-Vorpommern, Schleswig-Holstein, Sachsen, Niedersachsen, Sachsen-Anhalt, Thüringen, Дания, Польша, Норвегия, Швеция: kgconsulate.berlin@mfa.gov.kg

 

Германиянын Федералдык жери Nordrhein-Westfalen: bonn@botschaft-kirgisien.de

 

Германиянын Федералдык жерлери - Hessen, Bayern, Baden-Württemberg, Saarland, Rheinland-Pfalz: kgconsulate.frankfurt@mfa.gov.kg

- Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү;

- 3см х 4см өлчөмүндөгү сүрөтү чапталган толтурулган анкета Word filePdf file;

- "Каттоо эсебинен чыгарылды" штампы басылган чыгаруу дарек баракчасын (Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо ордуна кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн).

 

Суроолор болсо:

 

Элчиликтин Консулдук бөлүмү (Берлин шаары): 00 49 30 364 11 860

 

Элчиликтин Бонн шарындагы бөлүмү: 00 49 228 36 52 30

 

Франкфурт/Майн шаарындагы Консулдук агенттиги:
0049 69 95 40 39 26

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Германия Федеративдүү Республикасындагы

Элчилигинин Консулдук бөлүмү