2022-жылдын 28-апрелинде Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ө.Ч.Текебаев Конрад Аденауэр атындагы Фонддун “Азия жана Тынч океан региону” департаментинин жетекчиси Христиан Эхле менен жолугушту

1221

2022-жылдын 28-апрелинде Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ө.Ч.Текебаев Конрад Аденауэр атындагы Фонддун “Азия жана Тынч океан региону” департаментинин жетекчиси Христиан Эхле менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасы жана Германиядагы ири саясий фонддордун катарына кирген бул Фонддун ортосундагы кызматташуу жана аны келечекте өнүктүрүү тууралуу талкууланды.

Борбордук Азиядагы кызматташуу маселелери, анын ичинде соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу жана регионалдык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргыз-герман парламенттер аралык кызматташуусун бекемдөө, Конрад Аденауэр атындагы Фонддун стипендиялык программасы аркылуу Кыргызстандын жаштарын Германияда окутуу, ошондой эле башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүү маселелерин пландаштыруу каралды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK