Маданий-гуманитардык кызматташтык

Кыргыз Республикасы жана Катар Мамлекети маданий, туристик, гуманитардык-кайрымдуулук кызматташуу маселелерине көп көңүл бөлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтү ортосунда билим берүү жана илимий-техникалык изилдөө тармагында кызматташуу жөнүндө Келишими, маданий кызматташуу боюнча Келишими, туризм тармагында кызматташуу боюнча өз-ара түшүнүшүү Меморандуму, жаңылыктарды алмашуу жана өз ара кызматташуу жөнүндө Келишими, К. Дикамбаев атындагы Кыргыз Республикасынын ТИМнын астындагы Дипломатиялык академиясы менен Катар Мамлекетинин ТИМнин Дипломатиялык институту ортосунда кызматташуу меморандуму  ишке ашырылып жатат.

2017-жылдын май айында Катар Мамлекетинин маданият күндөрү Кыргыз Республикасында ийгиликтүү өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүн Катар Мамлекетинде КРнын Маданият, туризм жана маалымат министрлиги аркылуу өткөрүү пландалууда. Туризм тармагында кызматташууну өнүктүрүү жана катарлык туристтерди Кыргыз Республикасына тартуу максатында иштер жүргүзүлүп жатат.

Кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын жана тарыхын популярдаштыруу, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна көңүл бурдуруу боюнча бир топ иш-аракеттер болууда. “Аль-Жазира” эл аралык медиа тармагы менен өз ара аракеттешүү ийгиликтүү болууда. Кыргыз Республикасы жана анын туристтик потенциалы жөнүндө  араб тилинде көрсөтүү болуп, жалпысынан бир апта ичинде жети видеороликти күнү бою регулярдуу түрдө кайталап көргөзүү орун алды.

Улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө жаатына өзгөчө көңүл бурулду. Доха шаарында  “Айтматовду окуу” адабий кечеси өткөрүлүп, “Саякбай” жана “Ак кеме” көркөм тасмалары коюлду, ошондой эле жазуучунун араб тилине которулган китептери активдүү таркатылууда.

Илимий-техникалык жана билим берүү тармагында практикалык кызматташууну түзүү максатында Катар Мамлекетинин Билим берүү жана жогорку билим министри, Катар университетинин Президенти жана Катар Мамлекетинин ТИМнин Дипломатиялык иниститутунун Директору менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин Доха шаарына иш сапары жана Катар Мамлекетининин Билим берүү жана жогорку билим министрлигинен делегация жумушчу иш сапары менен Бишкеке барды.

Гуманитардык-кайрымдуулук кызматташуусу жигээрдү өнүгүүдө. Катардын ири кайрымдуулук уюмдарынын жетекчиликтери менен жолугушуулар орун алды, жыйынтыгында Кыргыз Республикасындагы бир катар биргелешкен маанилүү социалдык долбоорлорду ишке ашыруу башталды. 2017-жылдын майында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министринин Катар Мамлекетине болгон иш сапарынын жүрүшүндө социалдык-гуманитардык кызматташуу тармагын тереңдртүүгө көп көңүл бурулду, тактап айтканда табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам тартуу  жана калктын аярлуу катмарына гуманитардык жардам көргөзүү талкууланды. “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондуна гранттык жардам көргөзүлдү.