Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарына жана жарандыгы жок адамдарга карата COVID-19 коронавирустук инфекциясынын киргизилишинин жана таралышынын болтурбоо боюнча иш-аракеттердин алгоритми

1864

Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын 2022-жылдын 22-24-февралындагы биргелешкен чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарына жана жарандыгы жок адамдарга карата COVID-19 коронавирустук инфекциясынын киргизилишинин жана таралышынын болтурбоо боюнча иш-аракеттердин алгоритмине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди (мындан ары - Алгоритм).

- ПЦР тестин өткөн маалымдамасынын же COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы вакцинаны алгандыгын тастыктаган документинин (кагаз же санарип форматында) болушу жөнүндө талап ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) коштоосундагы 12 жашка чейинки балдарга (мурун 5 жашка чейинкилерди кошо алганда) колдонулбайт.

- жүргүнчүлөрдөн жана экипаждын мүчөлөрүнөн клиникалык көрүнүштөр (температура, жөтөл ж.б.) аныкталган учурда аэропорттун комплексинде COVID-19га экспресс-тестирлөө жүргүзүлөт;

- учуу убактысы узагына жана рейстин кечигүүсү менен байланышкан объективдүү себептерден улам ПЦР-тесттин мөөнөтү (72 саат) аяктаган учурда жүргүнчүлөр экспресс-тестирлөөдөн өтүүгө милдеттүү.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасына кирүү үчүн тест тапшырган учурдан тартып өлкөгө келгенге чейинки 72 сааттын ичинде жүргүзүлгөн ПЦР-тесттин жыйынтыгын же Кыргыз Республикасында таанылган COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны алгандыгын тастыктаган документтин (сертификаттын) көрсөтүүсү зарыл экендигин эскертебиз (Кыргыз Республикасында таанылган сертификаттары бар өлкөлөрдүн тизмеси бул жерде).

Жогорудагы талаптар Кыргыз Республикасынын аймагында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине жана эл аралык уюмдардын кызматкерлерине да тиешелүү.

Бул талаптар төмөнкүлөргө колдонулбайт:

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана башка компетенттүү мамлекеттик органдарынын чакыруусу боюнча келген чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын делегацияларынын мүчөлөрү;

- учактын экипаждары;

- ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) коштоосундагы 12 жашка чейинки балдар;

- Кыргыз Республикасына барып шайлоо процессин байкоо жүргүзгөн эл аралык байкоочулар.

Жогорудагы талаптар 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK