Саясий кызматташтык

2018 - жылдын 10 - июнунда КР менен РФнын ортосунда достук, кызматташуу жана өз ара жардам жөнүндө Келишимге жана кыргыз-россиялык дипломатиялык мамилелердин орногондугуна 26 жыл толду. 

Россия менен кызматташуу биз үчүн эки өлкөнүн элдеринин тарыхый жана маданий жакындыктары, слтка айланган достук мамилелердин, коопсуздук, саясий, экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө жалпы кызыкчылыктардын жакындыгына байланыштуу өзгөчо мааниге ээ.  Кыргызстандын жашоосунда Россиянын негизги ролун аңдап-билүүгө биз бүгүн эле келген жокпуз. Орус эли менен өз ара тыгыз байланыш биздин тарыхыбызда өзгөчо орунду ээлейт.  XVIII кылымда кыргыздар Санкт-Петербург шаарына Екатерине IIге Элчилерди жөнөтүшкөн. Элчилер өтө жылуу кабыл алынып, көптөгөн европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн козүнчө кыргызстандыктарга ар тараптан көмөк көрсөтүү буйругу берилген. Ошентип, биздин кыргыз-орус көп кылымдык  өз ара байланыштын алгачкы кадамдары жасалган.

Ал мезгилден бери биздин эки элдин тагдырлары эле эмес, маданияты, жалпы адамдык баалуулуктары бири –бири менен айкалышып, жалпы тарыхый окуяларды башынан өткөрүштү. Татаал кырдалдарда бири-бирин колдоо менен 70 жыл бою бир мамлекеттин курамында иш алып бардык. Россия жана Кыргызстан – ишенимдүү достор жана кыйышпас союздаштар. СССРдин урашы менен Кыргызстан жана  Россия жаңы мамлекеттер аралык негизде эки тараптуу мамилелерин бекитишти. Кыргызстан менен Россия бири-бирин стратегиялык өнөктөштөр катары таанышты.

1992-жылдын 10-июнунда КР менен РФнын ортосунда достук, кызматташуу жана өз ара жардам жөнүндө Келишим, 2000-жылдын 27-июнунда КР менен РФнын ортосунда түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө Декларация жана 2017-жылдын 19-июнунда кол коюлган КРсы менен РФнын ортосунда союздаш жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жөнүндө Декларация эки тараптуу кызматташуунун андан ары бекемдеди.

Акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер союздаш жана старатегиялык өнөктөштүктүн жаңы денгээлине чыкты жана Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттөгү улуттук кызыкчылыктарына жооп берет.

Азыркы кезде эки өлкөнүн жетекчилеринин ортосунда достук жана ишенимдүү мамиле орноду, буга негиз болуп эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулары кыргыз-россиялык эки тараптуу  кызматташуунун мындан аркы өнүгүүсүн, ошондой эле өлкөнүн тышкы экономикалык саясатындагы артыкчылыктуу багыт болуп саналган ЕАЭБнин алкагындагы өз ара аракеттерди талкуулоого мүмкүнчүлүк болууда.

Буга мисал катары 2018-жылы КРнын Президенти С.Жээнбековдун Россиянын Президенти В.Путин менен үч жолугушуусу (14 - майда Сочи, 14 - июнда Москве, 28 - сентябрда Душанбе шаарларында), жана КРсы менен РФнын өкмөттөрүнүн башчыларынын төрт жолугушуусу өттү. КРнын Президенти С.Жээнбековдун чакыруусу менен 2019-жылы Россиянын Президенти В.Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарын уюштуруу пландалууда.

Кыргызстандын ЕАЭСте катышуусу жана интегерациялык процесстер жолунда жана өлкөбүздүн ЕАЭСтин шарттарына көнүгүүсү үчүн Россия Федерациясынын колдоосу тышкы экономикалык саясаттын артыкчылыктуу  багыттарынан болуп саналат.

Аймактык жана глобалдык күн тартиптин маселелерине карата эки тараптын мамилелери бирдей жана жана позициялары жагынан да жакын. Бүгүнкү күнү тараптарда саясий карама-каршылыктар дээрлик жок, эки тараптуу байланыштардын комплексин, Евразиялык экономикалык союздун алкагында жана башка эл аралык уюмдардын (БУУ, ШКУ, ЖККУ, ШКУ) алкагында конструктивдүү аракеттерди мындан ары өстүрүүдө биргелешкен күч аракеттер керек экендигин эки өлкө тең ачык, так түшүнөт.

Аймактык коопсуздук маселесине эки өлкө тен өзгөчө көңүл бөлүшөт. Аймактык стабилдүүлүктү жана коопсуздукту бекемдөо багытында КРсы менен РФсы биргелешкен аракеттерди көрүү менен эки тараптуу байланыштын комплексин мындан ары өстүрүүнү камсыздашат. Жамааттык коорсуздук тармагындагы жалпы кызыкчылыкты ишенимдүү далили катары  ЖКККнун ыкчам көңүл буруусунун Жамааттык күчүнүн авиациялык компоненти болуп саналган КРнын Кант шаарындагы россиялык авиабазанын ишин белгилөөгө болот. Бул Россиянын Борбордук Азияда ишенимдүү форпост катры ролун тастыктайт.

Өз ара аракеттерди бекемдөө жолундагы ар бир пайдалуу кадам биздин мамилелерибизге дагы жогорку динамиканы жана натыйжалуулукту берет. Биз жашоонун бардык чөйрөлөрүндө Россия Федерациясы менен актвидүү кызматташуучу өлкө катары калабыз.

Кыргыз-даниялык эки тараптуу мамилелер

Дания Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн 1992-жылдын 16-январында тааныган. Эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 8-майында орнотулган.

КРнын Даниядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп резиденциясы Москва шаарында жайгашып, айкаштырып иштөө менен КРнын РФдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев дайындалган.

Саясий кызматташуу

Жогорку деңгээлдеги биринчи сапар катары Даниянын Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү иштери боюнча министри Хелле Дайндын Кыргызстанга сапары эсептелет (май, 1993-жыл).

1996-жылдын сентябрь айында  Бишкекке ЕККУнун Үчилтиги келген, курамына Даниянын Тышкы иштер министринин жеке өкүлү Элчи У.Фриис-Мюллер кирген.

1997-жылдын февралында Данияга КРнын делегациясы барып келген. 1997-жылы Кыргызстанга Даниянын Тышкы иштер министри жетектеген делегация иш сапары менен болгон.

Данияга болгон эң жогорку деңгээлдеги Кыргыз Республикасынын Президентинин сапары 1999-жылдын ноябрь айында ишке ашкан.

2014-жылдын 26-ноябрынан 1-декабрына чейинки мезгилде курамында КРнын ЖКнин депутаттары, КРнын Юстиция министрлигинин, Омбудсмендин жана КРнын мамлекеттик органдарынын (КРнын ТИМи, КРнын Өкмөтү) өкүлдөрү катышкан кыргыз делегациясы Кыргыз Республикасы менен Даниянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин 20-жылдыгына карата Данияга иш сапары менен барган.

2015-жылдын 3-декабрында Белград шаарында КРнын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевдин  Даниянын Тышкы иштер министри  Л.Д.Висборг менен эки тараптуу мамилелерди талкуулоо үчүн эки тараптуу жолугушуусу ишке ашкан.

2016-жылдын 28-февралынан 2-мартына чейинки мезгилде КРнын ЖКнин депутаттар делегациясы ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын Катчылыгына сапары ишке ашып, анын алкагында Даниянын ТИМи менен жолугушуу уюштурулган.

Кыргыз Республикасы менен Норвегия Королдугунун ортосундагы эки тараптуу мамилелер

Эки мамлекеттин мамилелеринин укуктук негизин 1992-жылдын 26-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Норвегиянын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө документ жана Кыргыз Республикасы менен Норвегия Королдугунун ортосунда достук байланыштарды жана кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жөнүндө Биргелешкен билдирүү түзөт. 

2017-жылдын 19-октябрында КРнын РФдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев Норвегиянын Королу Харальд Vке  Ишеним грамотасын тапшырган.

2016-жылдын 1-июлунан тартып КРдагы Норвегиянын Элчиси О.Бёрна Осло шаарынан келүү менен иштеп жатат.

2016-жылдын 22 ноябрында Элчи О.Бёрна Кыргызстанда Норвегиянын Ардактуу Консулдугунун расмий ачылышына катышкан (Ардактуу Консул – Айжан Чыныбаева, 2016 –жылдын 12-февралында Норвегиянын ТИМи тарабынан бекитилген).

Саясий кызматташуу

Эң жогорку деңгээлдеги КРнын Президентинин сапары 2003-жылдын ноябрь айында ишке ашкан.

2010-жылдын 20-сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун БАнын 65-сессиясынын алкагында кыргыз тарабынын демилгеси менен КРнын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Норвегиянын Тышкы иштер министри Й.Стор менен жолугушкан.

2013-жылдын 16-19–апрелинде Кыргыз Республикасына Осло шаарындагы Тынчтык жана адам укуктары Борборунун тең уюштуруучусу И.Стинснесон жетектеген Борбордун делегациясы келген.

2013-жылдын 28-апрелинде Монголиянын Улан-Батор шаарында «Демократиялык коомдоштук» 7-министрлик конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевдин Норвегиянын Тышкы иштер министри Э.Эйде менен эки тараптуу жолугушуу уюштурулган.

Норвегия тарабынын чакыруусу менен 2013-жылдын 22-майынан 25-майына чейинки мезгилде Осло шаарында өткөн эл аралык укуктарга ылайык жарандарды колдоо маселеси боюнча Глобалду конференциияга катышуу үчүн КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Э.Оторбаев жетектеген кыргыз делегациясынын сапары ишке ашкан.

2016-жылдын 8-декабрында Гамбургда өткөн ЕККУнун Саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевдин Норвегиянын Тышкы иштер министри Б.Бренде менен эки тараптуу жолугушуу уюштурулган.

2019-жылдын 15-январында Норвегия Тышкы иштер министри И.Сёрейденин чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Норвегияга иш сапары уюштурулду.

Кыргыз-швед эки тараптуу мамилелер

1992-жылдын 25-мартындагы Кыргыз Республикасы менен Швециянын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө документ эки мамлекеттин мамилелеринин укуктук негизин түзөт.

2016-жылдын 30-мартында КРда Швециянын Элчиси катары Кристиан Камилл КРнын Президенти Ишеним грамотасын тапшырган.  

КРнын РФдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев резиденциясы Москва шаарында жайгашып, Швецияга айкалыштырып иштөө менен Элчи болуп дайындалган.

2018-жылдын 6-апрелинде КРнын РФдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Б.Отунбаев Швециянын Королу Карл XVI Густавка Ишеним грамотасын тапшырган.

2003-жылдан баштап Кыргызстанда Швециянын Ардактуу консулдугу иштейт (Ардактуу Консул - Н.Мамыров).

Саясий кызматташуу

Эң жогорку деңгээлдеги КРнын Президентинин сапары 2002-жылдын март айында ишке ашкан.

2012-жылдын февраль айында Швецияга таанышуу сапары менен КРнын ЖКнин делегациясы (10+7 адам) барып келген. 2014-жылдын июнь айында Швецияга «гендердик теңдик» программасы боюнча КРнын ЖКнин «Айымдар» клубунун мүчөлөрү (6 депутат айым) иш сапары менен барып келген. КРнын ЖКде Швеция менен кызматташуу тобу иштейт. Топтун жетекчиси Р.Момбеков (КСДП).

Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлеринин дееңгээлиндеги байланыштар 1997, 1998, 2017 жылдары ЕККУнун ТИМБнын, 2015 жылы БУУ ГА алкагында ишке ашырылган.

2014-жылдын октябрында Бишкекте биринчи жолу эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий консультациялар өткөрүлгөн.

2016-жылдын 16-майынан 20-майына чейин КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри К.Базарбаев Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Социалдык коргоо боюнча улуттук системасы өнүктүрүү жана коомчулуктун социалдык-экономикалык туруктуулугун жогорулатуу» долбоорун ишке ашыруу маселелерин талкуулоо максатында Финляндия жана Швецияга иш сапары менен барып келген.

Иш сапардын алкагында донор өлкөлөрдүн 2018-2020-жылдарга карата эсептелген кызматташуунун жаңы программасын колдоого даяр экендиктери тастыкталган (Россия жана Финляндия менен бирге Швеция аталган программанын 95% пайызынын негизги донорлору болуп саналат).

Кыргыз-фин эки тараптуу мамилелер

1992-жылдын 23-мартындагы Кыргыз Республикасы менен Финляндия Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө документ эки мамлекеттин мамилелеринин укуктук негизин түзөт.

2017-жылдын 29-мартында КРнын Президентинин Жарлыгы менен КРнын ФРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп резиденциясы Москва шаарында жайгашуу менен Б.Отунбаев дайындалган.

2018-жылдын 24-майында КРдагы Финляндиянын Элчиси катары Микко Кивикоски КРнын Президентине Ишеним грамотасын тапшырган. 

Эки өлкөнүн ортосунда Ардактуу консулдар институту ачылган. 2016-жылдын июль айынан баштап Финляндияда Кыргызстандын Ардактуу консулдугу иштейт (П.Нумминен). Кыргызстанда Финляндиянын Ардактуу Консулдугу (А.Праздников) 2014-жылдын июль айынан тартып иштейт.

Саясий кызматташуу

Кыргыз тарабынын Финляндия менен алгачкы байланыштары 1906-жылы Финляндиянын келечектеги Президенти Маршал Карл Густав мырзанын Самарканддан Пекинге чейин сапарынын жүрүшүндө (1944 -1946) кыргыз жеринде Алай ханышасы Курманжан датка менен жолугушуусунан башталган.

Кыргызстандын жаңы тарыхында Финляндия менен болгон байланыш СССР мезгилинде уланган. 1977-жылдын май айында Фрунзе (Бишкек) шаарына расмий сапары менен Финляндиянын легендарлуу Президенти Урхо Кекконен келген. 1987-жылдын октябрь айында Кыргыз ССРине расмий сапары менен Финляндиянын Президенти Мауно Койвисто келип кеткен.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери эң жогорку деңгээлдеги сапар 2003-жылдын апрель айында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи сапар катары КРнын Президентинин иш сапары ишке ашкан.

Эки өлкөнүн эки тараптуу мамилелеринин тарыхында парламенттер аралык жана ведомстволор аралык деңгээлдеги эки тараптуу сапарлар ишке ашырылган: - 1997-жылдын апрель айында Финляндиянын Айлана-чөйрөнү коргоо жана эл аралык иштер боюнча тышкы иштер министри П.Хаависто жетектеген Финляндия делегациясынын сапары;

- 1997-жылдын ноябрь айында КРнын Айлана-чөйрөнү коргоо министри К.Бокомбаевдин Финляндияга сапары;

- 1998-жылдын февраль айында КРнын Мамлекеттик катчысы И.Абдуразаков жетектеген кыргыз делегациясынын Финляндияга сапары ишке ашкан;

- 1997-жылдын сентябрь айында Финляндия парламентинин делегациясы Кыргызстанга сапары менен келген.

ТИМдер багыты боюнча эки тараптуу байланыштар 1997-жылдын январь айында ТИМнин орун басары Т.Кыдыровдун Хельсинкиге болгон сапары менен башталат:

- 1998-жылдын декабры КРнын Тышкы иштер министри М.Иманалиевдин Финляндияга жумушчу сапары;

- 1998-жылдын майы Финдяндиянын ТИМнин Мамлекеттик катчысынын орун басары Я.Бломбергдин Кыргызстанга сапары:

- 2004-жылдын январы Финляндиянын Тышкы иштер министри Э.Туомиойянын Кыргызстанга сапары;

- ЕККУнун ТИМБнын деңгээлинде эки тараптуу жолугушуулар – Копенгагенде (декабрь 1997-жыл), Астанада (декабрь 2010-жыл), Киевде (2013-жыл), Нью-Йоркто (2014-жыл);

- 2004-жылдын ноябрында Кыргызстанга үчүнчү жолу Финляндиянын мурунку Президенти  Мартти Ахтисаари ЕККУнун Иштеп жаткан өкүлүнүн ыйгарымдуу өкүлү катары келип кеткен;

- 2005-жылдын январында КРнын Саламаттыкты сактоо министри М.Мамытовдун Финляндияга  сапары;

- 2005-жылдын январында Финляндиянын Тышкы соода жана өнүгүү минпистри П.Лехтомякинин Кыргызстанга сапары;

- 2008-жылдын июну ЕККУнун Иштеп жаткан өкүлүнүн ыйгарымдуу өкүлү катары Финляндиянын ТИМи А.Стуббдун Кыргызстанга сапары;

- 2010-жылдын сентябрында БУУнун БАнын 65-сессиясынын алкагында КРнын Президенти Р.Отунбаева Финляндиянын Президенти Т.Халонен айым менен жолугушкан;

- 2011 – жылдын июну Финляндиянын ТИМи менен Улуттук демократиялык институттун биргелешкен долбоорунун алкагында КРнын ЖКнин 5 депутат айымдардын Финляндияга сапары;

- 2012-жылдын сентябры Финляндиянын Парламентинин Спикери Ю.Ниинисто жетектеген Коргоо жана коопсуздук комитетинин мүчөлөрүнүн Кыргызстанга сапары.

Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволору саясий консультациялардын төрт раундун өткөрүшкөн (2009-жылдын ноябрында Хельсинкиде, 2011-жылдын майында, 2016-жылдын 5-апрелинде Бишкекте, 2018-ж. 14 ноябрында Хельсинкиде).

Финляндиянын Тышкы иштер министри Т.Сойнинин чакыруусу менен 2017-жылдын 11 – апрелинде КРнын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевдин Финляндияга сапары ишке ашырылган. Анын жүрүшүндө фин тарабы долбоордук кызматташуу боюнча Программаны 2018-2021-жылдарга улантаары туралуу ниетин билдирген.

2016-жылдын 7-июлунда КРнын ЖКнин депутаты Финляндия жана Норвегия менен кызматташуу боюнча достук тобунун жетекчиси А.Жапаровдун өтүнүчү менен Астана шаарында Финляндиянын Элчиси И.Рэйсенен менен жолугушуу уюштурулган.

2016-жылдын 13-ноябрынан 17 – ноябрына чейинки мезгилде КРнын ЖКнин Финляндия менен кызматташуу боюнча достук тобунун мүчөлөрүнүн (А.Жапаров, А.Арапбаев, А.Салянова) Финляндия Парламентинин чакыруусу менен Хельсинкиге сапары ишке кашкан.

2018-жылдын 17-18 – январында  Финляндия Парламентинин Борбордук Азия достук тобунун жетекчиси жана мүчөлөрүнүн Кыргызстанга болгон сапары ишке ашкан.

ЕККУнун ТИМБнын ишинин алкагында 2016-жылдын 8-декабрында Гамбург шаарында КРнын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевдин Финляндиянын Тышкы иштер министри П.Стенлунд менен жолугушуусу өткөн.

Азыркы кезде Кыргызстанда эки өлкөнүн тийиштүү ведомстволору жана уюмдарынын ортосунда делегация алмашуусу жөнгө салынган грант катары 9 долбоор ишке ашырылууда.