Дипломатиялык миссиянын башчысы

Гульнара – Клара Самат

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

1963 - жылдын 20 августунда  Кыргыз ССРинин Ош областынын Таш-Көмүр шаарында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. Саясий илиимдеринин кандидаты.

1986 – жылы эмгек ишмердүүлүгүн Таш-Көмүр шаарынын №7 мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп иштөөдөн баштаган.

1987 – жылдан тартып, 1991 – жылга чейин СПТУ – 74 алгачкы комсомол уюмунда катчы, шаардык Комсомол Комитетинде 2 - катчы, шаардык Комсомол Комитетинде 1 – катчы жана Кыргызстан ЦКЛКСМнын идеологиялык бөлүмүнүн инспектору болуп да иштеген.

1995-жылдан бери 2001-жылга чейин КМШ өлкөлөрүнүн башкармалыгынын III катчысы кызматын аркалаган, андан ары Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү тобунун II катчысы(КР ТИМ), I катчы, КМШ өлкөлөрүнүн башкармалыгынын кеңешчиси, КРнын Беларусь Республикасындагы Элчилигинин II катчысы, кийинчерек I катчысы, Эл аралык коопсуздук, стратегиялык жана укуктук маселелер боюнча башкы башкармалыгынын эл аралык коопсуздук бөлүмүнүн кеңешчиси.

2001-жылдан бери 2005-жылдын апрелине чейин Ал КМШ Экономикалык Кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультанты болгон.

2005-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде кеңешчи болуп иштеген.

 

 

2006 – 2007 - жылдары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Эл аралык стратегиялык изилдөө институтунун директору.

2007-2008 - жылдары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын кызматын ээлеп турган.

2018-жылдын май айынан бери - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

2021-жылдын 22-февралынан тартып - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.

Кошумча маалымат:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин мүчөсү.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн КМШнын Аткаруу комитетинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле КМШ Тышкы иштер министрлер кеңешинин алкышына ээ.

Россия Федерациясында биринчи жолу расмий негизделген «Кыргыз Биримдиги» кыргыз диаспорасынын демилгечиси жана негиздөөчүлөрүнүн бири.

Абхазия, Грузиядагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча КМШнын ыкчам тобунун башчысы.

Талас областынын . Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын ардактуу жараны.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматынын үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чини бар.

1-класстагы 1-катчы дипломатиялык рангы бар.